"Өнүгүү-Прогресс": "Өзүңдү тизмеден текшер жана биометрикалык каттоодон өт!" акциясына 180 велосүйүүчү катышты




"Өзүңдү шайлоочулардын тизмесинен текшер жана биометрикалык каттоодон өт!" аттуу веложүрүшкө 180 велосүйүүчү катышты. "Өнүгүү-Прогресстин" маалымат кызматынын билдиришинче, акцияга уюштуруучу партиянын төрагасы Бакыт Төрөбаев, партиянын талапкерлери Данияр Кошоков, Дмитрий Фёдоров, Роман Абдиев, Эркин Жолдошалиев, Алишер Мамасалиев, Максатбек Сыдыков катышышты. Акциянын ачылышында Бакыт Төрөбаев жарандарды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүүгө жана биометрикалык каттоодон өтүүгө чакырганы айтылды.
Андан кийин акциянын уюштуруучусу жүрүштүн эрежесин жана маршрутун түшүндүрүп, веложүрүш шаардын Түштүк дарбазасындагы Д.Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынан башталып, Түштүк магистраль аркылуу 12-кичи районго барып, кайра ошол эле маршрут менен артка уланды. Веложүрүштөн соң концерт тартууланып, миңдей адам чогулганы маалымдалды.
Партиянын төрагасы “Жарык шаар” долбоору, коопсуздук, реформа, аймактын инфраструктурасы партиянын программалары аркылуу чечилерин убада кылганы, 3 жылдын ичинде жасалган жумуштарды атаганы айтылган маалымат "Биздин партиянын өзгөчөлүгү - өзүнүн убадаларын иш жүзүнө ашыргандыгында. Жүзгө жакын адамдар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен, атайын орнотулган тактадан текшере алышты. №8ди тандаңыз, "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы" деп жыйынтыкталат.
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



