Токтогул райондук сотунун милдетин аткаруучусуна пара талап кылуу боюнча кылмыш иши козголду
Жалал-Абад облусундагы Токтогул райондук сотунун милдетин аткаруучусу Т.С. аттуу жаранга пара талап кылуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 15-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, жогоруда аталган сот Т.Э. аттуу жарандын уулдарын эркинен ажыратпоочу өкүм үчүн акча талап кылган. Тергөөнүн жүрүшүндө судья Т.Снын көрсөтмөсү менен 80 миң сом пара алып жаткан жеринен Н.Б. аттуу жактоочу кармалды.
"Пара талап кылуу боюнча айыпталып жаткан сотко карата буга чейин адилетсиз чыгарылган өкүм боюнча кылмыш иши козголгон. Анда ал Ноокат районундагы аянты 80 чарчы метр муниципалдык менчикте болгон жерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп бергени үчүн айыпталган. Бирок Соттор кеңеши бул факт боюнча иштин козголушуна макулдук берген эмес. Мындан сырткары Ноокат районундагы 2 гектар жерди да физикалык жактарга өткөрүп берген",- деп айтылат маалыматта. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
JOM

15.09.2015. 18:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin ak4am koooooop bolso erten ko4ogo 4igip ar kimdi atkilap,anan sotko,advokatka akcha berip koyup juro beret ekemda e,Emne degen adamdar bular,ki4ine jurok,sovest degen barbi bul janibarlarda????tuwunuw kiyin,kantip uwintip kilmiwkerge akcha u4un erkindik bergenin,uwundaylardin ayinan maga okwop oylogondor chigip,kaalaganin jasap juruwotda anan,akcha menen kutulam baribir dep,kamaw kerek,jazasin aliw kerek ar bir adam,bul duynodo albasa,ari jakta ayabay ele kiyin bolup kalatko.......
JOM түзөттү 2015-09-15 18:29:17
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.