Өспүрүм футболчуларыбыздын атаандашы Оман курамасы Бишкекте алгачкы машыгуусун өткөрдү (фото)















Учурда жер-жерлерде 2016-жылы Индияда өтүүчү өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру кызуу жүрүп жатат. Тандоо турунда командалар төрт-төрттөн тайпаларга бөлүнгөн. "В" тайпасындагы бардык оюндар Бишкекте өтөт жана мелдеш эртең, 16-сентябрда старт алат. Бул тайпада Кыргыз Республикасы, Иордания, Непал жана Оман курамалары жайгашкан. Мелдештин биринчи күнүндө алгачкы оюнда Непал менен Иордания беттешет. Андан соң кыргыз футболчулары Оман өспүрүмдөр курамасына каршы турат. Бул беттеш алдында командалар бүгүн, 15-сентябрда журналисттердин катышуусунда расмий машыгуусун өткөрүштү.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Назарыңыздарда алгачкы атаандашыбыз Омандын машыгуусунда тартылган фотолорду коёбуз...
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алчу оюндардын тизмеси жана сааттары:
16-сентябрь
Саат 15:00. Непал – Иордания
Саат 20:00. Оман - Кыргыз Республикасы
18-сентябрь
Саат 15:00. Иордания – Оман
Саат 20:00. Кыргыз Республикасы – Непал
20-сентябрь
Саат 15:00. Непал – Оман
Саат 20:00. Кыргыз Республикасы – Иордания
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Алга Кыргызстандын Жожо Короздору...