Тайырбек Сарпашев: "1994-жылкы 12 миң паспорт алмаштырыла элек, бирок алар менен шайлоодо добуш берсе болот"
"1994-жылкы 12 миң паспорт алмаштырыла элек, бирок алар менен шайлоодо добуш берсе болот". Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Сарпашев бүгүнкү күнгө чейин 1994-жылкы 63 261 паспорт алмаштырылганын кошумчалады.
"1994-жылкы паспорттордун баарына биз Социалдык фонд аркылуу пин-коддорду таратып бердик. Аларды паспорттун 27-барагына жабыштырып коюуну сурануудабыз. Анткени паспорт ээлери биометрикалык маалыматын тапшырган болсо, шайлоого келип катышса болот. Себеби 1994-жылкы парпорттор жалпы жарандык статуска ээ болгондуктан, ага дагы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан макулдук берилген",- деди Сарпашев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















