Кубанычбек Кулматов: "Бак-дарактарга жана уруксаты жок жайларга илинген үгүт баннерлери чечилип, айып пул салынат"
"Бак-дарактарга жана уруксаты жок жайларга илинген үгүт баннерлери чечилип, айып пул салынат". Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда саясий партиялардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтты. Ал мындай мыйзамсыз иштер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына да кабар берилип турарын белгиледи.
Автор: Наргиза Бекжанова
"Ошондой эле административдик чара көрүп, көлөмү аз эмес болгон айып пул салууга укугубуз бар. Муну менен катар биз бир күндүн ичинде каалаган саясий партияга үгүт баннерлерин илүүгө орун бере алабыз. Анан шаардын көркүн бузбоо үчүн көчөлөрдө илинген партиялардын жарнактарынын өңүнө жараша бөлүштүрүүдөбүз",- деди Кулматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

