super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин жолугушту

 

Бүгүн, 15-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Тажикстанга жасаган иш сапарынын алкагында Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитине катышып, андан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташуусунун актуалдуу маселелери, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн түйүндүү аспектилери, ошондой эле түрдүү тармактарда эки тараптуу байланыштарды тереңдетүү перспективалары талкууланды.

Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алып, ЖККУнун кезектеги сессиясынын алкагында эки тараптуу мамилелер жөнүндө сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазы экенин айтты. Ал 12-августта Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө киргендигин эске салып, бул эки өлкөнүн экономикаларын өнүктүрүү тармактарында күч-аракеттерди бириктирүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берерине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев кыргыз-орус кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулаганга мүмкүнчүлүк болгонуна канааттануусун билдирди. “Мен дагы жолугушуубузга жана эки тараптуу мамилелердин маселелерин сүйлөшүүгө жана бул маселелерди чечүүгө мүмкүн болоруна кубанычтуумун. Анткени бизде маселелер болбой, жаркын келечекке пландар гана болушу керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Бүгүн кечинде президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Бишкек шаарына кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: