super.kg logo

Өлкөдө “Улгайган адамдарга көңүл жана камкордук” деген ураан менен бир ай ичинде иш-чаралар өткөрүлөт

 

Өлкөдө “Улгайган адамдарга көңүл жана камкордук” аттуу бир айлык жарыяланды. Мындай маалыматты бүгүн, 16-сентябрда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгилүү болгондой, бир айлыкка мамлекеттик, жергиликтүү жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү катышат. Былтыр ушундай акциянын жүрүшүндө кары адамдарга жардам катары 25,3 миллион сом каражат чогултулган.

"Бүгүнкү күндө өлкөдө жашаган улгайган адамдардын саны 408 400гө жетет. Былтыр мамлекетибиз 96 өлкөнүн арасынан кары адамдардын жашоо шартынын деңгээли боюнча 49-орунду ээлеген. Азыркы учурда пенсиянын орточо көлөмү эң төмөнкү тиричилик каражатынын 106,2 пайызын түзөт. Ал эми акыркы 4 жылдын ичинде жашына карап берилген пенсиянын орточо көлөмү 19 пайызга көбөйгөн. Мындан тышкары улгайган адамдардын убактылуу туруусуна ылайыкталган борборлорду түзүүгө бюджеттен 2,4 миллион сом бөлүнгөн. Аталган борборлордо улуу муундун өкүлдөрү убактыларын кызыктуу жана чыгармачылык менен өткөрө алышат”,- деп билдирет мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.09.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип супер инфонун озуно кат жазам айтып койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: