super.kg logo
  Саясат  

Республикалык бюджеттин чыгымы 8 айда 69 миллиард сомду түздү

 

2015-жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттин чыгымы 69 миллиард 418 миллион сомду түздү. Каржы министрлигинин билдиришинче, былтыркы жылдын 8 айына салыштырмалуу быйылкы чыгашалар 6 миллиард 112 миллион сомго өстү. Аталган мезгил аралыгында корголгон беренелер: маяна, тамак-аш, дары жана башка социалдык милдеттенмелер боюнча чыгашаларга 48 миллиард 614 миллион сом жумшалса, корголбогон беренелер 6 миллиард 328 миллион сомго каржыланганы айтылды. 

Январь-август айларында республикалык бюджеттин кирешеси 70 миллиард 604 400 миң сом болгону, кирешенин 31,2 пайызы Мамлекеттик бажы кызматы, 30,2 пайызы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан, калганы башка мекемелер тарабынан түшкөнүн билдирет министрлик. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: