Бишкекте Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат (фото)







Бүгүн, 16-сентябрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов менен коштошуу зыйтаны өтүп жатат. Ага маданият кызматкерлери, акындар жана жакын санаалаштары, туугандары катышууда. Зыйнатка өкмөттөн вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева келди. Казат Акматовдун сөөгү Байтик айылында жерге берилет.
Айта кетсек, 14-сентябрда Кыргыз Эл жазуучусу, көрүнүктүү прозаик жана драматург Казат Акматов 74 жаш курагында көз жумган. Ал 1941-жылы 23-декабрда Ысык-Көл облусунун Боз-Тери айылында төрөлгөн. Анын калемине таандык “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар”, “Архат” романдары, “Ажырашуу түнү” пьесасы калың элге белгилүү. Ал өзүн прозаик, сценарист, драматург катары гана көрсөтпөстөн, акыркы жылдары тамсилчи катары да өзүн сынаган жайы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.