super.kg logo

Чүй облусунда "3 автоунааны айдап качып кеткен" деген шек менен 18 жаштагы эки бала кармалды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда "3 автоунааны айдап качып кеткен" деген шек менен 18 жаштагы эки бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Чүй ОИИББинен билдиришти. 

Маалым болгондой, кылмышка шектүүлөр буга чейин бир топ унаалардын айнектерин сындырып, баалуу буюмдарды уурдап жүрүшкөн деп айыпталышууда. "Алар көбүнчө Шопоков шаарындагы унааларды “тазалап” кетишчү. Муну менен катар 6-9-сентябрь күндөрү Сокулук районунун Шопоков шаарынан жана Гавриловка айылынан БМВ, Мазда-626 жана Опель Кадет үлгүсүндөгү 3 унаа уурдалган.

9-сентябрда келген арыздан кийин ыкчам топ кылмышка шектүүлөрдүн изине түшкөн. Кармалган балдар Чүй облусунун С.Г. жана Д.Д. аттуу тургундары экени аныкталган. Учурда уурдалган унаалар ээлерине кайтарылып, келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. Ал эми кылмышка шектүүлөр күнөөлөрүн моюнуна алып, аларга карата "уурдоо" жана "бирөөнүн унаасын мыйзамсыз ээлеп алуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду",- деп билдиришти Чүй милициясынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: