super.kg logo

Наталья Никитенко: “Ата Мекен” мамлекеттин келечеги үчүн жоопкерчилик алуудан качпайт”

 

“Жалал-Абад – менин күнүм,

Жалал-Абад – сенин күнүң,

От болуп жанып турат,

Жалындап мына бүгүн”,- деген ыр саптары менен 15-сентябрда жалал-абаддык шайлоочулар алдында амандашкан Наталья Никитенко облустан чыккан мыкты инсандар, саясатчылар, коомдук ишмерлерди санап, облустун өлкөнүн экономикасына, cаясий-социалдык абалына кошкон салымы чоң экенин белгиледи. "Ата Мекендин" маалымат кызматынын билдиришинче, талапкер: “Ата Мекен” эл үчүн турат бекем” деген лозунгда айтылгандай, 5 жыл бою ак дилден иштеп келдик. Келе жаткан 5 жылдыкта да сиздер үчүн таза иштеп беребиз. Эң ириде биздин партия - Кыргызстанда социалдык багыттагы мамлекетти курууну өз милдети катары тандап алган заманбап жана тажрыйбалуу партия. Биз эч убакта мамлекеттин келечеги жана жаңы Кыргызстан үчүн жоопкерчилик алуудан корккон эмеспиз. Өлкөнүн келечеги кимге кымбат болсо, биз менен бирге болууга чакырабыз”,- деди.

Ошондой эле талапкер “Ата Мекен” чынчыл, таза, адилеттүү, профессионалдуу адамдар менен толукталганы тууралуу айтып, алдыда ири милдеттер тургандыгын жана Кыргызстандын пайдубалын чыңдоо, элдин жашоо-тиричилигин жакшыртуу партиянын ыйык милдети экендигин кошумчалады.

Соңунда “Ата Мекен” улуу милдетти аткарууда шайлоочуларына ишенерин айтып, партияны колдоого чакырганы белгиленет маалыматта. 

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: