super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Исфана шаарын таза суу менен камсыз кылуучу кампалар ишке берилет

 
Исфана шаарынын 14 миңдей тургуну суу менен камсыз болот.
Исфана шаарында жаңы курулган кампалар.
Исфана шаарынын мэри Абдумухтар Анарботоев.

Исфана шаарынын элине буга чейин таза суу суткасына 2 саат гана берилип келген. Дүйнөлүк банктын колдоосу, кыргыз өкмөтү жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттын негизинде курулган кампа эми Исфана шаарындагы 14 миңдей жашоочуну таза суу менен камсыз кылат. Курулган эки кампа ишке кирсе, шаар тургундарына суткасына 8 сааттан таза суу берилет. Бул тууралуу 16-сентябрда аталган шаардын мэри Абдумухтар Анарботоев билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылдын 22-ноябрында “Исфана шаарын таза суу менен камсыз кылуу системин реабилитациялоо” долбоорунун курулуш иштери башталган. Долбоордун жалпы суммасы 108 миллион 880 миң сомду түзөт.

Белгилүү болгондой, 2015-жылдын 1-июнуна карата 90,5 миллион сомдук жумуштар аткарылган. 3 скважина казылып, 700 кубдук 2 даана суу чогултуучу же 1400 кубдук кампа жана шаар ичине 8,9 чакырым суу түтүктөрүнүн линиясы тартылган. Ал эми Бөзөгүл тилкесине 400 миң куб суу чогултула турган 2 же 800 кубдук суу кампасы курулган жана айыл ичине 4,3 чакырым суу түтүктөрү тартылган.

Курулуштун ишке берилиши менен Исфана шаарындагы 13 500 адам таза суу менен камсыз болот. Ошондой эле Исфана шаарынын Бөзөгүл аймагындагы 3488 жашоочуга суу берилет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: