super.kg logo

Сентябрь айында жарым миллиард сомдон ашуун көлөмдө жөлөк пулдар төлөнүп берилди

 

Социалдык өнүгүү министрлиги сентябрь айында жалпысынан 627 миллион 460,9 миң сом көлөмүндөгү
жөлөк пулдарды төлөп берди. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган сумманын 466 миллион 724,9 миң сому аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттик жөлөк пул катары төлөнүп берилген. 26 миллион 936,3 миң сом кош бойлуу жана төрөгөн айымдарга таратылган. Дагы 133 миллион 799,7 миң сом калкка акчалай компенсация катары жана сөөк коюуга тапшырылган.

"Жөлөк пулдун көлөмү былтыркы жылдыкына салыштырмалуу 115 миллион 519,8 миң сомго көбөйгөн. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берилчү акчалай жардамдын көбөйүшүнө байланыштуу",- деп түшүндүрүштү мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: