Искендер Гайпкулов: “Билимдүү жаштар гана өлкөнүн келечеги”




“Билим берүү мамлекетти өнүктүрүүдө негизги фактор болуп саналат. Кыргызстанда 14 жаштан 29 жашка чейинки жаштар калктын 60 пайызын түзгөндүктөн, өлкөнүн өнүгүүсү да дал ушул жаштардын билим деңгээлинен көз каранды. Билимдүү жаштар гана өлкөнүн келечеги боло алат”,- деп билдирди Искендер Гайпкулов “Ата Мекен” партиясынын үгүт кампаниясында Араван районунун Керме-Тоо аймагынын шайлоочулары менен жолугушууда.
Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, талапкер Араван районундагы жаштарга сапаттуу билим алууга жана жаштар арасында билимдин баалуулуктарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү максатында “Каганат” программасын ишке ашыруу алдында турганын белгиледи.
“9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо, тил курстары, маалымат жана байланыш технология боюнча курстарды ачуу, чет өлкөдө билим алуу үчүн гранттарды издөөдө көмөк көрсөтүү – “Каганат” программасына камтылган негизги максаттар”,- деди Гайпкулов.
Мындан сырткары жаштар өз коомун өнүктүрүүдө чечкиндүү кадамдарды жасоо аракеттеринде өз активдүүлүгүн көрсөтүү үчүн аларга кандайдыр бир багыт көрсөтүлүүсү зарылдыгын жана бул долбоор жаштар арасындагы баалуулуктарды: коомго кызмат өтөө, ыктыярдуулук, активдүүлүк, жеке иш алып баруучулук жана толеранттуулукту өнүктүрүүгө багытталгандыгын кошумчалады.
Талапкер өспүрүмдөр арасындагы позитивдүү маданиятты түзүү бул долбоордун негизги идеясы болуп эсептелерин айткан.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



