super.kg logo

Жазуучу жана чек арачы Осмон Лайлиевдин 110 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү

 

Жазуучу жана чек арачы Осмон Лайлиевдин 110 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чара 15-сентябрь күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айылындагы О.Лайлиев атындагы мектепте өткөрүлдү. Ага Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери, кыргыз жергесиндеги Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын офицерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чек ара ардагерлери, мугалимдер, мектеп окуучулары жана Лайлиевдин айылдаштары, бир туугандары катышышты. Алар жазуучу жана чек арачыны эскерип, эстелигине гүлчамбар коюшту. Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен аяктады.

Айта кетсек, О.Лайлиев жаш муунду Ата Мекенди сүйүүгө жана кызмат кылууга үгүттөгөн бир катар аскер тематикасына байланыштуу чыгармалардын автору. Ал 1927-жылы Кызыл Армияга чакырылып, Кыргыз улуттук аттар дивизиясынын командири болгон. Лайлиев басмачылар менен тирешүүдө көрсөткөн эрдиги үчүн күмүш саат менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: