super.kg logo

“Ата Мекендин” жаш талапкерлери Нарындын тургундары менен жолугушууда

 

“Ата Мекен” партиясынын талапкерлеринин аймактарда шайлоочулар менен жолугушуулары кызуу уланууда. "Ата Мекендин" маалымат кызматынын билдиришинче, партиянын Нарын облусу боюнча талапкерлери Сыймык Сапаров, Кылыч Исамамбетов, Эрлан Аскаровдор бүгүн, 16-сентябрда аймакта жолугушууларды өткөрүштү.

Сыймык Сапаровдун Кочкор районунун Кара-Тоо, Арсы айылдарындагы жолугушуусу жергиликтүү калктын колдоосуна арзыганы, аталган айылдарда көптөн бери талапкерлердин айылма-айыл кыдырып эл менен жолугушуусу өтө электиги айтылды. Чогулгандар жаш талапкерлерге алкыш айтып, ийгилик каалашты.

“Алдыда чоң милдет жана максаттар бар. Мен врач катары Кыргызстандын бир дагы жараны медициналык тейлөөгө муктаж болбошу керек деп эсептейм. Депутат болсом да, болбосом да элиме ак кызмат кылууну уланта берем. Келечек жаштардын колунда. Мамлекетибиздин келечеги үчүн 25 жылдык тарыхка ээ “Ата Мекен” партиясын тандап алганыма сыймыктанам”,- деди Сыймык Сапаров.

Эрлан Аскаров менен Кылыч Исамамбетовдун Нарын шаарынын тургундары менен жолугушуусунда парламенттик шайлоо тууралуу жана партиянын түзүмдүк программалары менен иш пландары талкууланганы, жаш талапкерлер шаар тургундарынын суроолоруна жооп беришкени маалымдалды. Берилген суроолордун басымдуусу биометрикалык маалыматтардын базадан чыкпай жатышына байланыштуу болду.

Соңунда жаш талапкерлер шайлоо алдында болчу кадимки чагымчылдыктарга жана бир ууч акчага алданып, добуш сатуу сыяктуу иштерге аралашпоого жана өз өлкөсүнүн келечеги үчүн адилеттүү добуш берүүгө чакырышканы айтылат маалыматта.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: