Садык Шер-Нияз: “Ата Мекендин” эл-жер үчүн берилгендиги Курманжан датканын эрдигине тете”




“Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрүнүн Араван районунун шайлоочулары менен жолугушуусуна 10 миңдей адам катышты. Чогулгандар партиянын программасы жана максаты менен таанышканын бүгүн, 16-сентябрда "Ата Мекендин" маалымат кызматы билдирди.
Партиялык тизменин алгачкы бештигиндеги талапкерлердин бири Садык Шер-Нияз өзү режиссёрлук кылып, кыргызды дүйнөгө тааныткан “Курманжан датка” тарыхый тасмасы тууралуу сөз кылды. “Алай ханышасы Курманжан датка - элинин, жеринин кызыкчылыгын, бүтүндүгүн, биримдигин өз уулу Камчыбектин өлүмүнөн да жогору коюп, ошол кездеги башына каран түн түшкөн Фергана, Ош, Алай аймактарынын келечеги үчүн кыйын кырдаалдан чыгуу амалын ойлоп тапкан эрки күчтүү аял. Мындай аялдар тарыхта чанда жаралат”,- деди Шер-Нияз.
Курманжан датканын эрдиги өз элинин ынтымагын бекемдеп, адилеттүү башкаруу менен мамлекеттин өнүгүшүн камсыздай алгандыгын, “Ата Мекен” партиясынын эл-жер үчүн берилгендигин Курманжан датканын эрдигине салыштырды талапкер.
“Эгерде мамлекетте ынтымак, адилеттүү башкаруу болбосо, өнүгүү болбойт. “Ата Мекен” партиясынын негизги позициясы – өнүгүү. Негизги максаты – өлкөдө ынтымак-ырашкерликти бекемдөө, туруктуу өнүгүүнү камсыздоо. “Ата Мекен” 2005, 2010-жылдардагы оор кырдаалдарда өлкөнү эки жолу саясий кризистен сактап калды. Элдин биримдиги, бүтүндүгү, ынтымагы - өлкөнүн өнүгүшүнүн негизи. Бул багытта “Ата Мекендин” бийик максаттары бар. Ар дайым чындыкты бетке айтып, бийликтин туура эмес кадамдарын тескей алган жалгыз гана “Ата Мекен” партиясы. Ушул эле партия кыргыздын азамат жигиттерине адилетсиз сот өкүмү чыкканда да ак сөзүн айтып, адилетсиздикти сындап келди”,- деди Садык Шер-Нияз.
Сөзүнүн соңунда Мелис Мырзакматов башында турган “Улуттар биримдиги” партиясы да өлкөдөгү өнүгүүнү, туруктуулукту биргелешип камсыздоо тилеги менен “Ата Мекенге” кол сунуп, шайлоого чогуу аттанып жатканын кошумчалады.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



