super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик желек күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Мамлекеттик желек күнү менен куттуктады. Дүйнөдө көптөгөн мамлекеттер оор сыноолорго туруштук бере албай эгемендүүлүгүн сактап кала албагандыгын айткан өлкө башчы "көптөгөн кыйынчылыктарга карабай эгемен Кыргызстан сакталып калды. Бул Кудайдын буйругу жана ата-бабаларыбыздын эмгеги"  дейт куттуктоодо. Кыргызстан өз жолун таап кетүү аракетинде көптөгөн убакыт коротконун жана катачылыктар болгонун кошумчалаган президент: "Бүгүн Кыргызстанга тынчтык жана туруктуулук керек. Биз гүлдөгөн өлкөнү курушубуз зарыл. Өлкөдөгү жарандар улутуна, жашаган жерине, социалдык статусуна карабай өзүн толук кандуу жаран сезиши керек жана өз өлкөсү менен сыймыктанууга тийиш. Тынчтыкты бузгусу келгендерге каршы турушубуз абзел. Баарыбыз бир эл экенибизди тшүнүп, бирге болгондо гана өнүккөн чыныгы эгемендүү мамлекетти кура алабыз",- дейт.

Маалымат үчүн: КРнын Мамлекеттик желеги 1992-жылы, 3-мартта кабыл алынган. 5-мартта желек биринчи жолу Өкмөт үйүндө абага көтөрүлгөн. 

                    





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: