super.kg logo
  Саясат  

Президент Ош-Исфана-Баткен унаа жолунун абалы менен таанышты

 
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин бүгүн, 16-сентябрда Баткен облусуна жасаган иш сапары уланууда. Сапар алкагында президент Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын жетекчилери менен жолугушуп, андан кийин Ош-Исфана-Баткен унаа жолунун курулушу аяктаган тилкесинде болду. 
Курулушу 2013-жылы башталган бул жол 2016-жылдын ноябрь айында толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилери айтылды. Учурда мында жалпы 282 адам иштеп жатса, анын 98и жергиликтүү тургундар. Аталган унаа жолун куруу боюнча долбоордун жалпы суммасы 91,4 миллион долларды түзөт. Курулуш иштери Чоң-Кара-Баткен, Төрт-Гүл - Ак-Татыр жана Ак-Татыр - Исфана болуп үч тилкеге бөлүнүп жүргүзүлүүдө. Ушул учурга чейин курулган иштерге жалпы 56,7 миллион доллар сарпталды.  







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: