super.kg logo
  Спорт  

Өспүрүмдөр курамабыздын машыктыруучусу: "Дагы да болсо кийинки баскычка чыгарыбызга ишенебиз"

 
Самат Сүймалиев
Самат Сүймалиев
Бүгүн, 16-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру старт алды. "В" тайпасында жүрүп жаткан күрөштүн 1-турунда кыргыз футболчулары Оман курамасына каршы туруп, 2:0 эсебинде утулуп калышты. Оюндан кийин курамдардын башкы машыктыруучулары оюн тууралуу ойлорун ортого салышты. 
Кыргыз мамлекетинин өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучусу Самат Сүймалиев төмөнкүлөргө токтолду:
"Биринчи кезекте келип берген күйөрмандарга ыраазычылык билдирем. Биздин футболчулар өз үйүбүздө өз күйөрмандарыбыздын алдында биринчи жолу ойноп жатышат. Күйөрмандардын көптүгү биздин футболчуларга ишеним жана шык берди. Биздин оюнчулар мүмкүнчүлүк түзүп жатышты, бирок аны голго айландырууда бир топ шашып, жаңылып калып жатышты. Оман курамасы деңгээли боюнча бизден жогору турат деген ойдо эмесмин. Бизде азыр маанай жакшы жана кийинки оюн тууралуу ойлонуп баштадык. Биз азыр кийинки баскычка чыгарыбызга ишенебиз". 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: