super.kg logo

Тажикстан. Рамит капчыгайындагы операцияда козголоңчу генерал Абдухалим Назарзода жок кылынды

 
Тажикстанда кылмыштуу топко каршы 5-сентябрдан бери жүргүзүлүп жаткан операцияда аталган топтун башчысы, өлкөнүн мурунку коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода жок кылынды. Бул тууралуу 16-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышууда. 
Маалым болгондой, Рамит капчыгайында 15-сентябрда жүргүзүлгөн операцияда генерал Назарзода менен бирге бул топтун дагы 8 мүчөсү өлтүрүлдү. Ошол эле учурда Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын террорго каршы “Альфа” бөлүмүнүн башчысы Рустам Амакиев жана үч аскер адамы мерт болду. Согушчандарга каршы операция 16-сентябрда жыйынтыкталды.  
Эскерте кетсек, 4-сентябрда таңга маал кылмыштуу топ Дүйшөмбүгө жакын жайгашкан Вахдат шаарынын Ички иштер башкармалыгына куралдуу чабуул жасаган. Ошол эле күнү борбор калаадан аэропортко барчу унаа жолунда согушчандар менен милициянын ортосунда да ок атышуу болгон. 5-сентябрда өлкөнүн күч түзүмдөрү Дүйшөмбү шаарына жакын аймакта кылмыштуу топко каршы операцияны башташып, анын жүрүшүндө топтун 32 мүчөсүн кармап жана 13үн өлтүргөн. Ал эми милиция кызматкерлеринен 9 адам курман болуп, 6 адам жаракат алган. Мындан кийин кылмыш тобун башкарган экс-коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода 7-8 шериги менен Дүйшөмбү шаарынан 150 чакырым алыстыктагы Рамит капчыгайына жашынган эле. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.09.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тажикткер ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-17 15:47:43
17.09.2015. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aktivist0707 - эскертүү!
Этика нормаларына туура келбеген билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: