Москвада "20 жаштагы кыргыз кызын зордуктаган" деп шектелип "патриот" кармалды

Орусиянын борбору Москвада Кыргыз Республикасынын жараны "20 жаштагы кызды зордуктады" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда КРнын Орусиядагы элчилиги жарыялады.
Маалыматка ылайык, полицияга 12-сентябрдан 13-сентябрга караган түнү коркутуу жана күч колдонуу менен 20 жаштагы кыз зордукталганы тууралуу арыз түшкөн. Жабырлануучу кыздын айтымында, аны Майрамбек аттуу тааныш жигити коркутуу жана күч колдонуу менен зордуктаган.
Полиция кызматкерлери ыкчам иликтөө амалдарын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунан келген 1987-жылы туулган кыргыз жаранын кармашты. Суракта ал 2 ай мурун Москвага келгенин айтып берди. "Ал кыз менен Москвадагы бир ишканада иштегенбиз. Мен жүк ташуучу болуп иштегем. Ошол кызга жардам берип жүргөм. Жакшы мамиледе болчубуз. Ортобузда жыныстык катнаш болгон. Бир жолу ага "өзбектер менен байланышың бар болуп, мени тоготпой калдың" деп катуу сөз айтып койгом. Аны урган эмесмин, чачынан кармагам",- деди кылмышка шектүү.
Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "жабырлануучунун алсыз абалынан пайдаланып, коркутуу жолу же күч колдонуу менен зордуктоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Москвада 20 жаштагы кыргыз кызын зордуктаган "патриот" кармалды



Порталдын эрежелерине туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
Видеосу кабардын ылдый жагында турат.
Кайда болбо ким болбогун тагдырда.
Ар намысты женил ойго алдырба.
Тарбиясын сага берип чонойткон.
Ата-эненди эч уятка калтырба.
Жаманыраак иш жасасан эгерде.
Наалат айтат атан менен энене.
Ошондуктан абайлагын тууганым.
Жамандыка эки колун жетерде.
Ар мезгилде ыйман тошоп алдына.
Адам бойдон калсан эгер жакшы да.
Бул дуйнодо адал жашап отсончу.
Жагымдуу бир элес таштап арт