Футбол боюнча өлкө чемпиондугу: Оштун "Алай" клубу Бишкекте "Алганы" утуп, 1-орунда баратат
Кечээ, 16-сентябрда Бишкекте жана Кант шаарында футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги оюндары орун алды. Бишкекте "Алга" клубу Ош шаарынын "Алай" клубун кабыл алды. Беттеш 0:1 эсебинде коноктордун пайдасына аяктап, "Алай" 3 упайга ээ болду. Аталган клуб муну менен чемпиондук жарыштагы жүрүшүн дагы да болсо улантып бара жатат.
Автор: Максат Кудайбердиев
Ал эми Канттагы оюнда "Абдыш-Ата" клубу "Кейжи Юнайтедди" 3:0 эсебинде утту. Бул оюн медаль үчүн күрөшүп жаткан "Абдыш-Ата" үчүн маанилүү болчу. Клуб 3 упай алды жана мелдеш жадыбалында 3-орунга жайгашты.
* 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Оюн качан жыйынтыкталып, чемпиондор аныкталат?