Өмүрбек Текебаев: “Ата Мекен” партиясы Ноокаттын айыл чарба өндүрүмүн Орусияга экспорттоого кызыкдар”




“Ата Мекен” партиясы айыл чарбасын Кыргызстандын келечектүү тармактарынын бири катары эсептейт. Буга байланыштуу биздин партия бул тармакты өнүктүрүүнү жана фермерлерди колдоого алууну өз милдети катары билет”,- деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Ноокат районунун жашоочулары менен жолугушууда.
Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, “ата мекенчилер” менен жолугушууга 10 миңден ашуун адам келип, чогулгандарга Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү айылда жашаары айтылып, айыл чарбасын өнүктүрүү жана колдоого алуу экономиканы өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп калышы керектиги түшүндүрүлдү.
“Бул багытта партия жергиликтүү айыл чарба өндүрүшчүлөрүн колдоо боюнча бир нече программа иштеп чыгып, аны ишке ашырып келет”,- деп белгилеген Текебаев аларга жеңилдетилген шарттарда насыялар жана лизинг, айыл чарба биржасын түзүү, айыл чарба продукциясын мамлекеттик сатып алуулар жана “Кыргызстанда жасалган” деген брендди илгерилетүү боюнча чаралар кирерин айтты.
“Дал ошондуктан “Ата Мекен” партиясы Ноокат районунун фермерлери өстүргөн айыл чарба продукциясынын Орусияга экспорттолушуна кызыкдар”,- деп кошумчалады партия жетекчиси.
Өмүрбек Текебаев белгилегендей, Кыргызстан тоолуу өлкө жана айыл чарбачылыгын жүргүзүүгө жарамдуу жерлери анчалык көп эмес, болгону жан башына 20 сотыхтан жер туура келет. Ал эми БУУнун маалыматы боюнча, кайсы өлкө болбосун, толук кандуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн 1 адамга 25 сотыхтан туура келиши керек. Мындай жагдайда бир гана жол бар экени: айыл чарбадагы эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, жаңы технологияларды – тамчылатып сугаруудан тартып өндүрүмдүүлүгү жогору үрөндөрдү, сортторду, уруктарды алуунун заманбап технологиясына чейин ишке киргизүү керектиги айтылды. Мында мамлекеттин ролу өтө маанилүү болуп саналары, “Ата Мекен” партиясы республиканын айыл чарбасын өнүктүрүү системин түп-тамырынан бери реформалоо программасынын долбоорун иштеп чыкканы жана аны ишке ашырууга жетишери күмөнсүз экени белгиленет маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



