Бишкекте "Закят" аттуу коомдук фонд ачылды
Бишкекте 1-март күнү "Закят" аттуу коомдук жана кайрымдуулук фонддун ачылыш аземи болду. Бул иш-чарага шаардын вице-мэри Төрөбек Имашов, премьер-министрдин кеңешчиси Султан Раев жана коомдук ишмерлер катышты. Айта кетсек, фонддун төрайымы Нурайым Неёлова бул аземде аталган фонд тууралуу, анын негизги максаттары жана ишмердүүлүгү жөнүндө айтып өттү. "Фонддун түптөлүшүнө 2 жыл убакыт кетти. Аты айтып тургандай эле максаты да калктын социалдык, маданий көйгөйлөрүн колдон келишинче чечип берүү болуп саналат. Эң алгачкы кадамыбызды канал куруудан баштайбыз",-деди ал. Маалым болгондой, фондунун алгачкы иши Жалал-Абад облусундагы Күрп-Сай ГЭСинен Базар-Коргон районундагы Шайдан-Сай суу каналына чейин Момунбек атындагы суу каналын куруу менен башталат.
Автор: Мээрим Жеңишбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

