Атасы тарабынан катуу сабалып комада жаткан 2 жаштагы наристенин абалы жакшы боло баштады



Бишкектеги №3 балдар оруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков
Атасы тарабынан катуу сабалып комада жаткан 2 жаштагы наристенин абалы жакшы боло баштады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 17-сентябрда Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков билдирди. "Бирок бала өзүнө келе элек. Анын мээси чайкалып калган",- деди ал.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, Чүй облусундагы Аламүдүн районунун 1966-жылкы тургуну 2013-жылы туулган баласын тарбиялайм деп сабаган. Катуу сабалган наристе эс-учун жоготуп койгон. Андан кийин №3-балдар ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Окуядан кийин баланын атасы качып кетүүгө аракет жасаган, бирок милиция кызматкерлери аны алыс качырбай кармап калышкан. Учурда ал соттун чечими менен камакка алынып, ага Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

ошону кантип тарбиялайт,аларды
эркелетип ооп жыттагандан башка
тарбия жок.Урганына жол болсун.
Мындайлар кобойуп конумуш адатка
айланып бараткандай.Зордук зомбулукка катуу чара корулбосо
токтоло турган туру жок.