super.kg logo

Баткен. Кызыл-Кыя жана Кадамжайда жардамга муктаж адамдар үчүн убактылуу жашап турууга мүмкүн болгон эки борбор ачылат

 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районунда жардамга муктаж адамдар үчүн убактылуу жашап турууга мүмкүн болгон эки борбор ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, аталган мекеме быйыл бейөкмөт уюмдарга грант катары 22,5 миллион сом бөлүп берген. Мамлекеттик социалдык буйрутманын алкагында 71 долбоор каралып, алардын арасынан көз карандысыз комиссия каржылоого 36сын тандап алган. Ошондой эле бюджеттик каражаттын эсебинен жашоонун кыйынчылыгына учураган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтө турган өткөн жылы ачылган 7 борборго кам көрүлөт.  

Муну менен катар социалдык ишкердик боюнча бир катар долбоорлор каржыланган. Алардын арасында Нарын облусунун Жумгал районунда тигилген буюмдарды чыгаруу жана оңдоп-түзөө, компьютердик көндүмдөргө окутуу, Бишкек шаарында тигүү ишмердүүлүгүнө үйрөтүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айымдардын ишкердигин өнүктүрүү бар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.09.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо биометрикага канчанчы числого чейин отуу керек?Биз адамдар бугун Кадамжайда акимиятка,почтага,мэрия тарапка барсак болду бутту биометрика жыйнап кетти деп айтышты.Эми биз кайда барып тапшырабыз?Неге мынча эрте бутуруп салышты биометриканы.Эми тапшыра турган жер жокбу?ушул жонундо билип берсениздер.Биометрика издеп сураштырган адамдар коп экенбиз жолдо ката.Биз кыргыздар кеч ойгонобуз го негизи.Бизге окшоп кечиккендер коп болсо керек
17.09.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolotbai, саламатсызбы! Тактап бергенге аракет кылабыз.
B.B.Sadykov, ачууга алдырбаңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: