Беловодск айылынын тургундары “Өнүгүү-Прогресс” партиясын колдоо демилгеси менен чыгышты




"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Беловодск айылынын тургундары менен жолугушууда: “Мамлекетибиз эгемендик алгандан бери бир топ саясатчылар алдыңарга келип көп убада беришкен. Бирок биздин партия - куру сөздүн эмес, иштин партиясы. Биздин айырмабыз ушунда. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы ар дайым сөзүнө турат. Биз өлкөбүздүн, элибиздин кыйналганына кайдыгер карай албайбыз. Партиядагы пикирлеш топ менен биз чоң бизнес ишин баштап, көп жаңы жумуш орундарын түздүк. Бул ийгиликтер менен токтоп калбай, элибизге дагы көп иштерди жасайбыз. Кыргызстандыктарды татыктуу кирешеге жеткирүү - биздин максат. Партиянын аракеттери элдин, улуу муундун токчулукта, молчулукта, бакубат жашоосуна арналган”,- деп билдирди.
Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, Тамара аттуу жашоочулардын бири өз сөзүндө: “Биз, бул өрөөндүн шайлоочулары, “Өнүгүү-Прогресс” партиясына толугу менен добушубузду беришибиз керек. Баары эле куру сөз менен алдашат, ал эми бул партия Кыргызстан боюнча элдин жашоосуна жардам берип жана көп иштерди жасап келе жатат. Мен жаш партияны шайлагыла деп чакырып кетем, булар чындап иштешет”,- деп жердештерине кайрылды.
№8 - "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын катар номери.
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



