super.kg logo
  Спорт  

Бразилиянын легендарлуу күйөрманы, футбол боюнча 7 Дүйнө чемпиондугуна барган Кловис Фернандес көз жумду

 
Бразилия курамасы Германияга 7:1 эсебинде утулганда Кловис Фернандес да миллиондогон күйөрмандар сыяктуу эле көз жашын тыя алган эмес.

Футбол боюнча Бразилиянын легендарлуу күйөрманы, 7 Дүйнө чемпиондугунда команданы мелдеш өткөн өлкөгө барып колдоп жүргөн Кловис Фернандес көз жумду. Ал 60 жаш курагында рактан улам каза тапканын чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Фернандес алгачкы жолу Дүйнө чемпиондугуна 1990-жылы жандуу күбө болгон. Бул жылдар аралыгында ал команданы Америка Кубогунда, Конфедерация Кубогунда жана Олимпиада оюндарында да колдоп келген. Жалпысынан ал командага күйөрмандык кылуу менен катар дүйнөнүн 60 өлкөсүндө болгон жана 150дөн ашык оюнга жандуу күбө болгон.

2014-жылы Бразилияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда да ал Бразилия курамасынын чыгаан күйөрманы катары таанылган. Бразилиялыктар Германия курамасына 7:1 эсебинде утулганда ал Дүйнө чемпиондугунун көчүрмөсүн германиялык күйөрмандарга тапшырган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
17.09.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иииий байкуш киши десе... ыйманы саламат болсун! Бул адамдын сүрөттөрү дүйнөнү аралап кетти эле. Дүйнөнүн булуң-бурчундагылардын баары таанышчу эле го. Жаткан жери жайлуу болсун!
17.09.2015. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында куйормандыкты катуу кылат экен. голландия курамасын колдогон дагы бир аксакал бар, "военный" формада журчу.
17.09.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suiuktuu, tairermatov - эскертүү!
Темадан алыс билдирүүлөр өчүрүлдү. Дагы кайталанса сайттан четтетилесиңер.
jetinur90 - эскертүү!
Темадан алыстабаңыз жана сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-17 14:32:22
17.09.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкүнүчтүү пайдалуу кабарды өчүрүпсүңөр
17.09.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
17.09.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
абдан жакшы адам эле ыраматылык бейиши болгур киши. Туугандарына конул айтам,тазиясына баралбайм бирок аттин. Супердин жамаатына ырахмат эн ыкчам маалымат берип турган оло электе эле.. ..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: