super.kg logo
  Саясат  

"Шайлоочулардын кайсы партияга добуш бергенин БШКдан башка эч ким текшере албайт"

 
Бүгүн, 17-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев журналисттер менен жолугушуп, шайлоо процесси тууралуу маалымат берүүдө. Вице-премьер парламенттик шайлоого аттанган партиялар таза шайлоо өткөрүүгө дале тоскоолдук жаратууга аракет кылып жатышканын белгиледи.
"Биздин маалыматтар боюнча, саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоочулардын добуштарын сатып алуу максатында алардын пинин, паспортунун көчүрмөсүн жана шайлоо тизмесинен текшергенден кийин берилчү чекти талап кылышууда. Бул нерсе партиялардын шайлоодо жеңишке жетүүсүнө эч кандай жардамын тийгизбейт, анткени чектердин номерлери шайлоо күнү жаңыртылып берилет. "Карусель" деген ыкма эми кайталанбайт. Шайлоочунун кимге добуш берип жатканы эч кимге көрүнбөйт, себеби шайлоо бюллетени купуя болуп, аппаратка көмкөрөсүнөн гана салынат",- деди Сарпашев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: