Өмүрбек Текебаев: "Кызыл-Кыя шаарын өндүрүш борборуна айландырууга толук мүмкүнчүлүк бар"




"Өлкөнүн өндүрүш чыккан, өнүгүү мүмкүнчүлүгү кең болгон аймактарына колдоо көрсөтүү - мамлекеттин негизги милдеттеринин бири”. Мындай пикирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушууда билдирди. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, "ата мекенчилер” менен жолугушууга 15 миңден ашуун калк чогулду.
Партия лидери СССР кезинде Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак сыяктуу шаарлар өлкөнүн өндүрүш борборлору болгонун белгилеп: “Азыр деле бул шаарлардын өнүгүү жана өсүү мүмкүнчүлүгү ошондогудай. Бирок ал үчүн мамлекеттин реалдуу колдоосу зарыл”,- деп билдирди.
Өмүрбек Текебаев учурда Бишкек шаарынын ЖЭБи жыл сайын жылытуу сезонунан шаардыктарды үшүтпөй алып чыгуу үчүн кошуна өлкөлөрдөн көмүр сатып аларын белгилеп, буларга токтолду:
“Шаардын ЖЭБи кошуна өлкөлөрдөн көмүр сатып алат. Ошол эле көмүрдү өзүбүздүн Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак сыяктуу көмүр кендеринен сатып алсак, шаарлардын иши жанданып, миңдеген жарандар жумуш ордулары менен камсыз болушмак”.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



