“Ата Мекендин” жаш депутаттары Совмин шаарчасынын тургундарынын көйгөйүн угушту




“Ата Мекен” партиясынын жаш депутаттары Жоомарт Сапарбаев менен Наталья Никитенко Бишкек шаарынын четиндеги Совмин шаарчасынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда талапкер Жоомарт Сапарбаев акыркы 5 жылда “Ата Мекендин” Жогорку Кеңештеги фракциясынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат бергенин билдирет партиянын маалымат кызматы. Сапарбаев шаардагы негизги көйгөйлөргө: транспорттук тыгындар, шаар көркүн бузган акыр-чикирлердин тазаланбай, ташылбай жатканын, өлкөнүн ички жана тышкы карыздары, социалдык бир катар көйгөйлөр, анын ичинде бала бакчалардагы жана мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуулар тууралуу сөз козгоп, мындай көйгөйлөрдү чечүү жолдорун караштырууга убада бергени айтылды.
Наталья Никитенко партиянын стратегиялык пландарына, социалдык көйгөйлөрдү чечүү жаатында партия сунуштап жаткан программаларга, окутуу мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөргө токтолду.
Жергиликтүү тургундар жаш лидерлерге бир катар өтүнүчтөрү менен кайрылышты. Аларды түйшөлткөн негизги көйгөйлөр: Совмин шаарчасы шаардан алыс жайгашкандыктан, транспорт маселесинде жаралып жаткан кыйынчылыктар. Алар каттамды көбөйтүүнү, балдар ойноочу аянтчаларды курууну, пенсияларды жогорулатуу сыяктуу маселелерди айтышканы белгиленет маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



