super.kg logo
  Саясат  

Чет өлкөдө жүргөн мекендештер үчүн 36 шайлоо тилкеси ачылды

 

Чет өлкөдө жүргөн мекендештер үчүн 26 өлкөдө 36 шайлоо тилкеси ачылды. Мындай маалыматты бүгүн, 17-сентябрда маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, добуш берүү тилкелери Орусия, Германия, Казакстан жана башка мамлекеттердеги консулдуктарда ачылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чет жакта жүргөн мекендештердин 4598и гана биометрикалык маалыматтарын тапшырып, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алган. Бирок бул сан дагы көбөйүшү мүмкүн. Дагы бир жолу айтып коюш керек, мамлекетибиздин чет өлкөдө жүргөн жарандары да шайлоочулардын тизмесинде жок болсо, шайлоодо добуш берүүгө катыша албайт”,- деди Сарпашев.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын 1 пайызга жетпегени гана консулдук каттоодо турат. Калгандары өз алдынча чет жерге чыгып кетишкен жана өздөрү расмий түрдө каттала беришпейт. 

Ал эми буга чейинки өткөрүлүп келген шайлоолорго да чет өлкөдө жүргөн жарандардын 5 миңге жетпегени гана катышып келишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: