Айрым жерлерде биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу бир күн мурда токтотулганы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынан татыктуу жооп бере алышкан жок

Бүгүн, 17-сентябрда окурмандар SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу байланышка чыгышып, жарандардын биометрикалык маалыматтарын кабыл алуу жана өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүү өнөктүгү Баткен облусунун борборунда жана айрым райондорунда токтотулганын билдиришкен.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Биз бул маселе боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына байланышка чыкканыбызда бири-бирине телефондун трубкасын түрткүлөп жатып, акырында биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Баткен облусу боюнча координатору жооп берди, бирок атын айтуудан качты. "Баткенде аталган өнөктүк үзгүлтүксүз жүрүп жатат жана ар бир борбордо аппараттар иштеп жатат. Ал эми бизге каттоо токтотулганы боюнча маалыматтар келген жок. Бул өнөктүк 18-сентябрь күнү саат 18:00дө токтотулат",- деди аталган кызматкер.
Окурман Баткен облустук калкты тейлөө борбору бүгүн эле элди кабыл албай койгонун билдирген. "Бүгүн келсек борбордун эшиктери ачык турат, бирок каттоо токтотулганын айтышты. Канчалаган жаран өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшере албай кетти. "Биометрикалык каттоо бүттү! Аппараттар жок" деп жазып коюшуптур",- деген ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Nur.88

17.09.2015. 18:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге токтотулат? Мен балдарым менен уйдон чыга албай али каттоодон ото элекмин го не болот эми жалабатта да шаар боюнча бир эле жерде иштеп атат экен ал да очирит экен эле.
dav312

17.09.2015. 18:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биометрикалык катоого ото албай канча адам кезек кутуп айрым айыл окмот мектептердин сыртына дейре кезек куткондорду коруп неге мынча деп суроо салганымда алар апараттар жакшы иштебей коп убакыт кетип жатканын айтышты Биометрикалык маалыматы бербегендер 18 сентябрьдан баштап 1000 сом штраф толойт дейт бул эмнеси же мамлекет элди кыйноого салып атабы бизде демократиялуу олкодо жашайбыз деп коюп окмотто иштегендер элди мажбурлап турганы бул адам укуктарын тебелоо деп эсептейм
maks1980bishkek

17.09.2015. 19:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dav312, ар бир нерсе оз убагында жакшы болотго дейм.биометрика башталганда эле элге ркшоп отуп койсонор мынчалык проблема болбойт эле
kanykey125

18.09.2015. 17:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз чет жерде жургон жарандар кантип биометриялык каттоого кантип тапшырабыз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.