Төрөбай Зулпукаров: "СДПК депутаттык кол тийбестиктен баш тартууну сунуштоодо"



"Азыркы учурда коомчулукта депутаттардын жеңилдиктерин жоюу же калтыруу жөнүндө талкуу жүрүп жатат. Бул маселени бир нече партия, алардын лидерлери көтөрүшүүдө. Алардын айрымдары мамлекеттин эсебинен жылтыратып оңдоодон өткөн иш бөлмөсүнөн 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты катары ишин баштагандар. Бул маселе боюнча СДПКнын позициясы кандай? Биз депутаттарга берилген эң чоң жеңилдик мыйзамга ылайык кол тийбестиги деп эсептейбиз. СДПК бардык кесиптештерине жана бардык фракцияларга мындай жеңилдиктен өз каалоолору менен баш тартууну сунуштайт",- деп билдирет СДПКдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Төрөбай Зулпукаров.
Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, кылмыш иши козголгон айрым депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу өтүнүчү менен Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке бир нече жолу кайрылганын эске салды. "Тергөөнүн жана сот иштеринин объективдүүлүгү үчүн СДПК гана мындай сунушту колдоп турду. Биздин фракция мындай позицияны карманган жалгыз фракция болду. Ал эми биздин башка фракциялардагы айрым кесиптештерибиз Башкы прокуратуранын сунушунан көп жолу баш тартышты",- дейт Зулпукаров.
СДПКнын өкүлү көйгөйдүн тамыры ушул экенин, депутаттарды жардамчылардан, кызматтык автоунаалардан ажыратуу сунушун популизм деп атаганы айтылат маалыматта.
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
1

