super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Ош шаарындагы жер көчкү жүргөн Алмалык айылына барып, жабыр тарткан 23 үй-бүлөгө үй салууга 5 миллион сом бөлүп берерин айтты

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-сентябрда Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жер көчкү жүргөн Алмалык айылында болуп, андагы эл менен жолугушту. Мамлекет башчы жер көчкүдөн улам башка жайга көчүрүлүп, убактылуу чатырда жашап жаткан 23 үй-бүлөнүн абалы менен да таанышты. 

Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам иретинде 50 миң сом өлчөмүндө кайтарылгыс материалдык көмөк каралган. Андан тышкары үй ээлери 200 миң сом өлчөмүндө үстөк пайызы жок ссуда ала алышат. Ссуданы кайтарып берүү мөөнөтү 20 жыл. Бул туурасында президентке өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдаганын президенттик аппараттан билдиришти. 

Президент Алмазбек Атамбаев жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга тез арада жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин чечүү боюнча тапшырма берип, президенттин социалдык колдоо фондунан жаңы үйлөрдү курууга 5 миллион сом бөлөрүн кошумчалады.

Айта кетсек, Алмалык айылында 13-сентябрда саат 21:00 чамасында көлөмү 5 миллион куб метр болгон жер көчкү жүрүп, турак үйлөрдү басып калуу коркунучу пайда болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: