Камалдин Токтосартов: “Кант, Шопоков сыяктуу кичи шаарлар Бишкектин спутник шаарларына айланат”




“Экономика, социалдык чөйрө жана заманбап инфраструктуралардын тегиз эмес өнүгүүсүнөн улам жарандар борборго агылып келип жатышат. Ошондуктан биз Кант, Шопоков сыяктуу жакынкы кичи шаарлардын жашоочуларынын Бишкек менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтебиз”,- деди Камалдин Токтосартов “Ата Мекендин” мүчөлөрүнүн Учкун кичи районунун тургундары менен жолугушуусунда.
Жаш талапкер “Ата Мекен” аталган шаарчаларды Бишкектин спутник шаарларына айлантып, борбор менен тез жолдор аркылуу байланыштырууну каалаарын белгиледи. Анын айтымында, бул шаарларда жашаган ар бир адам кыска убакытта спутник шаардан окуусуна же ишине келип, кайра кайта алат.
“Бул шаарлар курулуш, соода, өндүрүш, жашоо үчүн кыйла ыңгайлуу болот. Борборубузда калк азайып, ал эми кичи спутник шаарлар өнүгө баштайт. Эмгек ресурстары, өндүрүш объектилери Бишкек жана шаар четинин ортосунда оптималдуу түрдө бөлүштүрүлөт”,- деди талапкер.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



