Кыргыз Эл артисти Эрмек Мойдунов 71 жашында каза болду

Кыргыз Эл артисти Эрмек Мойдунов каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 18-сентябрда анын жакындары кабарлашты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, Э.Мойдунов 17-сентябрь күнү жүрөк оорусунан көз жумган. Аны менен коштошуу зыйнаты 19-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Э.Мойдунов 1944-жылы Ош облусундагы Жапалак айылында төрөлгөн. Эл артисти 1967-жылы "Эне жөнүндө баллада", 1969-жылы "Сары-Челек", 1973-жылы "Күйдүм чок" аттуу ырлары менен таанымал болгон.
SUPER.KG порталы маркумдун жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Билип билбей кылган куноолорун кечирген болсун. Акыркы омурлорун мечитке коп каттап откорду бул киши.