Аида Салянова: “Ата Мекен” коррупционерлерди мамлекеттик чыккынчыга теңөө керек деп эсептейт”




“Ата Мекен” партиясынын алгачкы бештигиндеги талапкер, өлкөнүн экс-башкы прокурору Аида Салянова үгүт кампаниясынын алкагында Нарын облусунун бир катар район, айылдарында шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жүрөт. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, талапкер Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Кара-Тал, Биринчи Май, Талды-Суу, Өзгөрүш, Ак-Муз жана башка айылдарында болду.
Жолугушууларда Аида Салянова өлкөдө туруктуулук болуп, мыйзамдуулук сакталса, коррупция менен күрөш жана башка бардык аракеттер ишке ашарын белгиледи. “Коррупция – бул коомдун түпкү баалуулуктарына жана мамлекеттин ишмердүүлүгүнө шек келтирген балекет, улуттук коопсуздукка келтирилген түздөн-түз коркунуч. Бул илдеттен арылуу үчүн “Ата Мекен” партиясы өзүнүн программасына иштиктүү максаттарды камтыган. Партия коррупция менен паракорлук, мыйзамдын көз карашынан алганда, мамлекеттик чыккынчылыкка теңдештирилиши керек деп эсептейт”,- деди Аида Салянова.
Экс-башкы прокурор партиянын негизги максаты укук коргоо органдары чөйрөсүн жана салык мыйзамдарын натыйжалуу реформалоо, коррупциялык көрүнүштөр жайылтылбай тургандай коомдук чөйрө жана мыйзам тутумун түзүү экенин айтат.
Партиянын маалымат кызматы Аида Салянова башкы прокурорлукта турганда коррупцияга каршы жалтанбастан эрктүү тура алгандыгы, прокуратура тармагын кыйла жөнгө сала алгандыгы жана бир катар депутаттарга иш козгоп, коррупционерлердин жүрөгүнүн үшүн алган экс-чиновник экенин белгилейт.
Аида Салянованын жолугушууларына агылып келген ат-башылыктардын саны арбын экени, баары тең анын аял болсо да эрктүү кадамдарын баалашып, аны колдошорун билдирип жатышканы айтылат маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



