Фехтование спорту боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары 3-орунду ээлешти





7-12-сентябрь аралыгында Монголиянын Улан-Батор шаарында фехтование боюнча Азия чемпиондугу болуп өттү. 23 жашка чейинки курактагы спортчулардан түзүлгөн мамлекетибиздин курамасы анда командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Автор: Максат Кудайбердиев
Маалыматка ылайык, алгачкы беттеште кыргыз спортчулары Тайбэй курамасын 27:45 эсебинде утушту. Андан соң команда жарым финалга чыгып, Казакстан курамасына утулуп калды (37:45).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Корея 2
Кыргызстан 3
Жапония 4