super.kg logo

Ошто жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам өлүмдүн көбөйүп жатканы боюнча маселе талкууланды

 

17-сентябрда Ош шаарында “Жумуш ордундагы ден соолук” темасында тегерек стол болуп өттү.

Анын жүрүшүндө акыркы жылдары өлкөдө жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдүн өсүп жатканы айтылды. Мисалы, дүйнөдө бул оорудан улам жыл сайын 18 миңден ашуун адам көз жумса, анын негизги себеби болуп инфаркт, миокарда жана инсульт оорулары эсептелери айтылды. 

Билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, Ош шаарында калк арасында 21-27-сентябрда, билим берүү мекемелеринде 15-17-ноябрь аралыгында акция болору белгилүү болду. Ошондой эле Ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан бардык билим берүү мекмелерине кан басымды өлчөөчү прибор (тонометр) берилет.

Өлкөбүздө чоң адамдардын ар бир үчүнчүсү кан басымы жогорулагандан жабыркайт. Ошондуктан кан басымдын жогорулап кетишин алдын алуу жана калкка жеткиликтүү маалымат берүү ооруну кескин азайтуунун себеби болору иш-чаранын негизги максаты болду.

Тегерек столго Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери, тиешелүү тармактын бардык жетекчилери жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү катышты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: