Спортчу Дарья Маслова "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алды
Учурда Ташкент шаарында жеңил атлетика боюнча Өзбекстандын Ачык биринчилиги өтүп жатат. Мелдешке кыргыз спортчуларынан жеңил атлет Дарья Маслова катышкан. Ал 10 чакырымга чуркоо боюнча күчүн сынап, бул аралыкты 32 мүнөт 14 секундада басып өтүү менен 2-орунду ээледи. 1-орунду ээлеген өзбек кызы мара сызыгын 32 мүнөт 12 секундада басып өттү. Муну менен спортчулар Олимпиада жолдомосунун нормативин толтура алышты.
Кошумчалай кетсек, буга чейин кыргыз спортчуларынан жөө күлүк Юлия Андреева жана балбан Арсен Эралиев Олимпиадага жолдомо алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Sadyrov_n93
18.09.2015. 23:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урраа,учунчу жолдомо.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















