Жылнаама, 20-сентябрь: Мындан 13 жыл мурун орусиялык актёр жана режиссёр Сергей Бодров каза болгон

1980-жылы каргашалуу окуянын кесепетинен 53 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы советтик коомдук ишмер, Михаил Горбачёвдун өмүрлүк жары Раиса Горбачёва Германиянын клиникаларынын биринде таңкы саат 3тө, 67 жашында лейкемия оорусунан каза болгон.
* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы Түндүк Осетиянын Кармадон капчыгайында Колка мөңгүсү көчүп, орусиялык “Связной” тасмасын тартып жүргөн 19 кишиден турган топ, анын ичинде белгилүү актёр жана режиссёр Сергей Бодров мөңгү астында калган. Алардын сөөгүн Коопсуздук кызматында иштегендер күнү-түнү издешсе да, кырсык болгон жерден эч кимиси табылган эмес. Апасы Валентина Бодрова туугандарынын каршы чыкканына карабай Коопсуздук кызматында иштегендер менен чогуу Кавказга барган. 17 адамдын сөөгү табылып, анын ичинен Бодровдуку кездешкен эмес. Уулунун сөөгү табылбаганына деми суубай, жүрөгү ооруган эне эки жумадан ашык жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы өлкөбүзгө кирген Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары менен өкмөттүк аскерлер ортосунда Сырт жана Газ аймагында айыгышкан согуш жүргөн. Согушчандар
айыл-кыштактарды талашып, бейкам калкты тоноп кирген. Мындан улам Баткенден качкандардын саны 5000 адамга чамалаган.
айыл-кыштактарды талашып, бейкам калкты тоноп кирген. Мындан улам Баткенден качкандардын саны 5000 адамга чамалаган.

Баарынан кызыгы, ал лейкемия менен ооруган наристелерге дайыма жардам берип келген.
Раиса Титаренко алтайлык темир жолчунун үй-бүлөсүндө туулган. Мектепти алтын медаль менен бүтүрүп, ММУнун философия факультетине тапшырган. 1953-жылы Михаил Горбачёв менен Раиса Титаренко баш кошушкан.

Арадан 6 жыл өтүп, "Сергей Бодровдун сөөгү табылды" деген маалыматка көпчүлүк кулагын түргөн. 30-35 жаштагы адамдын сөөгүн чогултушуп, экспертизадан өткөргөн адистер табылган сөөктөр Сергей Бодровго таандык же аныкы эместигин так айтуудан алыс болушкан. Ушул күнгө чейин табылган сөөк Бодровдуку же башканыкы экени так аныкталбай келет.
20-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Сергей Бодров менин эн суйуктуу актерум
Брат,Сестры фильмдерин корсонуздор керек