super.kg logo

Жылнаама, 21-сентябрь: Мындан 10 жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев киши колдуу болуп көз жумган

 
* Мындан 77 жыл мурун, 1938-жылы КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Москвадагы Полиграфиялык институттун 3-курсун бүтүрүп, 1959-жылы Кыргыз академиялык драма театрына артист болуп кирген. 
Театрда иштеген 30 жылдык өмүрүндө кыргыз, чет элдик, орус классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Шамшиев, Океев, Базаров, Убукеевдер тарткан кинофильмдерде ролдорду жараткан. 1990-жылы "Туңгуч" жаштар театрын ачкан. 
Жамал Сейдакматова Мамлекеттик Токтогул атындагы, Эл аралык "Руханият" сыйлыктарын, Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгы болгон "Алтын дипломду" жеңип алган. Египет, Колумбия, Германияда өткөн эл аралык фестивалдарга катышкан. Бүткүл дүйнөдөгү түрк тилиндеги өлкөлөрдүн Башкортостанда (Уфа) өткөн эл аралык фестивалында баш байгени жеңип алган.
 
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев 38 жашында киши колдуу болуп көз жумган. Түнкү саат он чамасында депутат үйүнө кайтып келе жаткан маалда, белгисиз адам аны Макаров тапанчасы менен атып, оор жаракат алган депутат ооруканага жетпей жан берген. Б.Эркинбаев №16-Кадамжай шайлоо округунан парламентке шайланып, бир эле маалда Улуттук олимпиада комитетин башкарып келген.
* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы Чеченстандын экинчи президенти, аскердик жана саясий ишмер Аслан Масхадов туулган. Ал өкмөттүн башында турган маалында 1996-жылы 27-ноябрда президенттикке ат салышарын билдирип, 1997-жылы 27-январда президенттик шайлоодо көп добуш топтоп, өлкөнүн президенти болуп шайланган. Ал эми 2005-жылы 8-мартта Аслан Масхадов 53 жашында Орусиянын атайын кызматынын аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн.
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Тайванда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болуп, ал 2415 адамдын өмүрүн алып кеткен. 11 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алып, 29 киши дайынсыз жоголгон. 100 миңден ашуун адам үй-жайсыз калган. 
21-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.09.2015. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу супер инфо Баяман эркинбаев 21-мартта олгон эмес беле
21.09.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mars55, саламатсызбы!
21-сентябрда болгон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: