Өспүрүм футболчуларыбыз Непалды 2:0 эсебинде утуп жатышып, 4:2 эсебинде утулушту жана Азия чемпиондугуна барбай калышты (фоторепортаж)
























Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру уланууда. Кыргыз футболчулары бүгүн, 18-сентябрда Непал курамасына каршы туруп, 4:2 эсебинде утулуп калышты. Беттештин 1-таймында 2 команда тең арты-артынан чабуул уюштуруп, дарбазага соккуларды узатып жатты. Бул тайм кыргыз футболчулары үчүн ийгиликтүү болуп, биздикилер 2 гол киргизгенге жетишти. Алгач 27-мүнөттө Гүлжигит Бөрүбаев айып соккусун голго айландырды. 5 мүнөттөн кийин Эмир Шигайбаев пенальтини таамай багыттап, оюн эсебин 2:0гө айландырды. Бирок 2-таймда атаандаштар майданда өз мүнөзүн көргөзүп, 4 гол киргизишти. Бул таймда Кыргыз Республикасынын курамасынын капитаны Азамат Мелисбековдун кызыл айып кагазын алып, майдандан четтетилгени атаандаштардын ири эсепте утуусуна алып келди.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Футболчуларыбыздын алгачкы беттеште Оманга утулуп калышканын (2:0 эсебинде) эске алсак, бул жеңилүү биздин кураманы Азия чемпиондугуна жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн толук ажыратты. Себеби 2016-жылы Индияда өтө турган Азия чемпиондугунун финалдык баскычына тайпада 1-орунду алган команда жолдомо алат. Кыргыз Республикасынын курамасы жайгашкан "В" тайпасында учурда 3 команда үчтөн упайга ээ. Биздин курам гана 2 оюнда упай топтой алган жок.
Мелдеш жадыбалы:
ОРУН | КОМАНДА | ОЮН | УПАЙ |
1 | Непал | 2 | 6 |
2 | Оман | 2 | 3 |
3 | Иордания | 2 | 3 |
4 | Кыргыз Республикасы | 2 | 0 |
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(12)
jindijigit

18.09.2015. 23:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтууу.Топ тоголок мунусунда болбосо кийинкисинде болот.
Truelensk

19.09.2015. 00:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айла жок.
sher.ella

19.09.2015. 00:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуунучтуу
mamashov-emil

19.09.2015. 00:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунордун уйундо ушундай оюн корсоткон, топ тоголок болгондо жок дегенде бироосун утуш керек болчу, кечеле озбек казактарды утуп ушулардан утулган
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-21 11:11:08
Ruslan_d

19.09.2015. 00:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тринерин алмаштырыш керек жакшы тактика тузо алган эмес!
aikol87

19.09.2015. 15:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ruslan_d,булар жакында тузулгон курам.азырынча тажырыйба топтой элек.Сразу эле Тренерди алмаштырып,куноолой койгон мумкун эмес.
ILYAS181296

19.09.2015. 01:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Birok en mykty oinowtu azamattar, jaraisynar jigitter...
MAN-CITY

19.09.2015. 05:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе эмес, бугун утулду эртен утат, келечекте коп оюндар болот дагы, мындай ситуацияда коп эле атактуу командаларда болгон. Балдарды психологиялык жагынан жакшы даярдаган эмес болгону
Rashinboy

19.09.2015. 08:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туй ата! Оз уйундо утулуп калат деген эмне тамтык.. Уят.
Rashinboy түзөттү 19.09.2015 13:49
topchievMaKsAtBeK

19.09.2015. 09:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин курамалар утушуна коп жыл бар тиринерлердин кучтуусун табып футболго жакшы конул буруу керек
SRT

19.09.2015. 13:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
topchievMaKsAtBeK, ТРЕНЕР же МАШЫКТЫРУУЧУ
SHAHDAR

19.09.2015. 09:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2-0 утуп жатып, 2-4 утулуп калды деп жазганыбыз туура болот.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.