super.kg logo

Кыргыз Эл артисти Эрмек Мойдуновдун сөөгү жерге берилди (фото)

 

Бүгүн, 19-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Эл артисти Эрмек Мойдуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маркумду акыркы сапарга узатууга президенттик аппараттын башчысы Темир Жумакадыров, вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана маркумдун жакындары, санаалаштары, студенттер катышты.

Бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөп, Мойдунов өз учурунда кыргыз музыкасына өзүнчө үн берип, жаңычылдыгы менен айырмаланып келгенин баса белгилешти.

Дамира Ниязалиева 1960-1970-жылдары жаштардын көпчүлүгү Мойдуновдун ырларына таасирленип чоңойгонун айтты. "Эне жөнүндө баллада", "Эстелик" деген ырлар мектеп жашындагы балдарга да жакындан тааныш болчу. Бул ырлар керемет ырлар эле. Мойдунов бул сыяктуу бир канча ырлардын багын ачып, элге жеткирди. Кайталангыс талант эле. Мойдунов агабыз бул дүйнөдөн кеткени менен, анын эмгегин биз эч качан унутпайбыз, дайым эл эсинде болот",- деди Ниязалиева.

Жакындары ал бүт өмүрүн жеке керт башы үчүн эмес, өз элине арнаганына токтолушту.

“Мойдунов эрте жетим калып, көп кыйынчылыкты башынан кечирген. Бүт өмүрүн элге арнап, чыгармачылыктын туу чокусуна чыкты. Эми мындай талант кайталанып келбейт”,- дешти жакындары.

Коштошуу зыянаты жыйынтыкталган соң маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. 

Э.Мойдунов 17-сентябрь күнү жүрөк оорусунан көз жумган. Ал 1944-жылы Ош облусундагы Жапалак айылында төрөлгөн. Эл артисти 1967-жылы "Эне жөнүндө баллада", 1969-жылы "Сары-Челек", 1973-жылы "Күйдүм чок" аттуу ырлары менен таанымал болгон.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
19.09.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жайы жаннатта болсун!
ушу чоңдорубуз качан өз алдынча сүйлөгөндү үйрөнүшөт экен!качан болсо бирөөгө жаздырып алышып окуп окуп анан сүйлөп беришет.
баардык чоңдор колунда ак кагаз!
akzuura түзөттү 2015-09-19 14:17:39
19.09.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу,топураны торко болсун.Туугандарына терен кайгыруу менен конул айтам,сабыр кылыныздар.
19.09.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы Жанатта болсун Оомийн!Чон болобузбу, эл артисти болобузбу, жонокой адам болобузбу олгон адамдын соогун коп кыйнабай, эки кун кармабай жерге тезинен бериш керекпиз.
KGstan81 түзөттү 2015-09-19 14:41:09
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: