Жоомарт Сапарбаев: “Коррупция менен күрөшүүдө “Ата Мекен” жыйынтык чыгара алды”




“Ата Мекен” партиясынан талапкер Жоомарт Сапарбаев 18-сентябрда шаардын 4-кичи районунун тургундары менен жолугушту. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда талапкер “Ата Мекен” партиясынын соңку 5 жылдагы аткарган иштери, коррупция менен күрөшүүдөгү партиянын бир катар аракеттери боюнча пикирин айтты. Кичи райондун жашоочулары бала бакчаларда, мектептерде коррупциялык элементтер катталып жатканын айтып арызданышкан.
“Коррупциянын кысымы, паракорлуктун жашоо-турмуштун бардык чөйрөлөрүнө таралышы ар бир кыргызстандыктын күнүмдүк турмушуна таасирин тийгизет. Ошондой эле өлкөбүздүн беделине жана атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмдүүлүгүнө доо кетирет. Бул илдет бир гана бийлик структураларында эмес, бардык тармактарда тамырын кенен жайып кеткени өкүнүчтүү. Бирок муну менен күрөшүү милдетин өз моюнуна алган “Ата Мекен” партиясы натыйжалуу жыйынтык чыгара алды”,- деди Жоомарт Сапарбаев.
Жолугушууда жумушсуздук, үйү жок, жер төлөлөрдө жашап жатышкан адамдардын тагдыры жана башка социалдык маселелер көтөрүлгөнү айтылып, талапкер социалдык маселелерди чечүү партиянын приоритеттүү максаттарынан болуп саналарын белгиледи.
Кичи райондун жол, жолду жарыктандыруучу чырактар,
таштандылардын өз мезгилинде ташылбай жатышы, балдар ойноочу аянтчалардын
жетишсиздиги жана башка маселелер көтөрүлгөн. Сапарбаев айтылган
талаптар жана көйгөйлөр “Ата Мекендин” программаларында камтылганын, партия
шайлоодон ийгиликтүү өтүп келсе, программада көрсөтүлгөн бардык жагдайлар ишке
ашарын кошумчалаганы айтылат маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



