super.kg logo

“Ата мекенчилер” Түгөлбай Сыдыкбековдун үй-музейинде болушту

 

“Ата Мекен” партиясынын үгүт кербени Түп районунда уланды. 5 миңден ашуун жергиликтүү тургун партия лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон Медеткан Шеримкулов, Садык Шер-Нияз, Наталья Никитенко, Акылбек Түмөнбаев, Октябрь Абдрахманов жана башка талапкерлерди жылуу маанайда тосуп алды.

Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, шайлоочулар менен амандашкан соң Өмүрбек Текебаев партиянын шайлоо алдындагы программасы менен тааныштырды. Ошондой эле жергиликтүү калктын бир катар суроолоруна жооп берди.

Жолугушуудан кийин партия лидери Өмүрбек Текебаев Кыргыз Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун аталган райондо жайгашкан үй-музейине барганы, Кыргыз Эл Баатырынын архиви, чыгармалары жана ал колдонгон буюмдар менен таанышканы айтылды. “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңешке талапкерлигин койгон Акылбек Түмөнбаев белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси экени, тагыраак айтканда, Түгөлбай жана Түмөнбай Сыдыкбековдор бир туугандар экени маалымдалды. Чоң атасы тиккен бакты аралап, анын өмүр жолу, чыгармачылыгы жана кызыктуу көз ирмемдери менен тааныштырды талапкер.

Т.Сыдыкбековдун үй-музейи жайгашкан Кең-Суу айылындагы жолугушууда “ата мекенчи” Акылбек Түмөнбаев Өмүрбек Текебаев менен Болот Шерге аргымак тартуулап, Болот Шердин аргымагын анын иниси Садык Шер-Нияз алды.

“Ата мекенчилердин” үгүт жүрүшү Чолпон-Ата шаарын көздөй бет алганы айтылат маалыматта.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: