Кара-Балта шаарында буга чейин 11 жолу соттолгон жаран маңзатты байпагына катып жүргөн жеринен колго түштү
Кара-Балта шаарында буга чейин 11 жолу соттолгон жаран маңзатты байпагына катып жүргөн жеринен колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, ИИМдин 10-Башкармалыгынын ыкчам тобу Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен маңзат сактоого шектүү катары 51 жаштагы Н.Э. аттуу тургунду текшерүүгө алган. Анын жыйынтыгында жанынан целлофан баштыкчасына салынып, байпагына катылган 27 грамм салмактагы кара куурай жана такталбаган үлгүдөгү тапанча табылды.
Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (маңзаттарды мыйзамсыз сактоо) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.