Жарандардын биометрикалык маалыматтарын жана добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча арыз кабыл алуу улантылууда

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын жана добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча арыз кабыл алуу улантылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан бүгүн, 19-сентябрда SUPER.KG'ге билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн эртең менен бул тууралуу буйрук чыгарган.
"Биометрикалык маалыматтарды жана добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча арыз кабыл алуу 18-сентябрь күнү саат 18:00дө токтотулган, бирок өкмөт башчы кабыл алууну дагы бир күнгө узартуу боюнча бүгүн эртең менен буйрук чыгарды. Буйрукка ылайык, бүгүн саат 18:00гө чейин бул өнөктүк улантылат",- деди басма сөз кызматынын өкүлү.
Ал эми бул күнү да арыз берүүгө жетишпей калгандар шайлоого катыша албай турганы айтылды.
"Бир жылдан ашык убакыттан бери жарандардын биометрикалык маалыматтарын тапшыруусу улантылып келүүдө. Ал эми добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча да арыздарды берүү талабы коюлуп келди. Жетишпей калгандар шайлоого катыша албастыгы белгилүү, бирок бул маселеге азырынча так жооп айтуу кыйын, муну өкмөт чечет",- деди басма сөз кызматынын өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
saat1200

19.09.2015. 19:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынч отуп кетсе экен ушул шайлоо.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.